• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

«Абайла, мектеп! Жалал-Абад облусу»: “Колдонууга жараксыз”

21 Аяк оона 2021 17:43 Бишкек Govori.TV

Мектептин дубалынан чоң жарака кеткен. “Жок-жок, бул жер титирөөдөн болгон жок. Болгону имарат өтө эски”, – дейт Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Турат Арзыкулов атындагы №52 орто мектебинин директору Максуда Кочорова. – “Бул мектепке жарым кылымдан ашты да”.

Бул Кыргызстандагы эң эски мектептердин бири, анан да анын имараты алгач темир жол станциясы катары салынган экен. Өткөн кылымдын 50-жылдары имаратты мектеп катары өткөрүп беришкен. Ошондон бери деле өзгөргөн нерсе аз: баягыдай эле мешке от жагып жылытышат, дааратканага сыртка чыгышат, сууну кудуктан алышат. Поезддердин каттамынын схемасы дале кире бериште илинип турат. А имараттын өзү ушунчалык эскиргендиктен, “колдонууга жараксыз” деген авариялык абалын тастыктаган корутунду чыккан. Буга карабастан мектеп дале иштеп жатат.

“Эки жыл мурун таштан курулган пайдубалы урап баштаган, ӨКМ мектепти жабуу тууралуу корутунду чыгарган, бирок ата-энелер жаппагыла деп суранышып, өздөрү келип таштын сыртын цементтеп жатып, ушунун кантип чыдап турганына таң калышкан” – дейт директор.

Жыл сайын Билим берүү министрлигинен 35 миң сомдун тегерегинде акча бөлүнөт. Бул каражат сыр менен акиташка гана жетет, мугалимдер өздөрү актап-сырдашат. Бүтүрүүчүлөр жардам береби? – деген суроого: “Өтө деле жардам беришпейт. Алардын балдары бул жерде окуган учурда жардам беришчү, азыр колунан келгендердин баары балдарын башка жактарга которуп кетишип жатат”, — дейт.

Которула албагандар муздак, анан тар деп даттанышат. Жамгыр жааганда мектептин ичине чатыр же тазик коюу керек. “Биз балдарды жакшы заманбап шарттарда окуткубуз келет, жок дегенде кышкысын сырткы кийимчен отурбагандай болсо” – деп кошумчалайт директор.

Текст: Анастасия Валеева.
Фото: Жузумкан Асхатбекова
.

Авариялык мектептер жөнүндө толук изилдөөнү бул жерден окуй аласыз

Количество просмотров: 198