• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

«Абайла, мектеп! Жалал-Абад облусу»: “Шыбап койдук”

20 Аяк оона 2021 11:41 Бишкек Govori.TV


Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Домор айылындагы №69 мектепке мурунку директордун урматына анын ысымы ыйгарылган. Жаанбай Узаков 1921-жылы төрөлгөн, 1941-жылы фронтко кеткен, Берлинге чейин жетип, Рейхстагдагы чабуулга катышып, III даражадагы Даңк орденинин кавалери болгон. Согуштан келгенден кийин педагогикалык институтту аяктап, туулган жерине кайтып келген да, 50 жыл орус тили мугалими болуп, анын 30 жылын мектеп директору болуп эмгектенген. Пенсияга чыккандан кийин да 2013-жылы каза болгонго чейин, жаңы директор менен чогуу мектепке капиталдык ремонт үчүн каражат бөлүп берүүнү өтүнүп, район жана облустук администрациялардын эшигин каккан. Анын кадыр-баркы да эч нерсени өзгөртө алган эмес.

Азыркы директор Аманбай Атабеков бизди чириген пол, жарака кеткен дубалдар, самсаалап түшөйүн деп калган шыптар, колго жасалган жылыткыч тутумун көрсөтүү менен тосуп алды. Чогулуш, жаңы жылдык балатылар, дегеле бардык иш-чаралар өтүүчү эң чоң класстын ортосунда устун тирелип турат. Аны жакында эле шып түшүп кетпесин деп орнотушкан. Окуучулар мындай класска киргенден коркушпайбы? – деген суроого директор кайгылуу жылмайып, аргасыз баары көнүп бүтүштү деп ийин куушурат.

Имарат 1963-жылы алгач колхоз сарайы деп жашоочулар тарабынан салынган экен. ӨКМ корутундусу боюнча колдонууга жараксыз деп табылган. Жаңы корпусту куруу үчүн 25 миллион сом керек. Бирок бюджеттен жылына 20-30 миң сом акча бөлүнүп, мектепти карагыла деген тапшырма берилет. Алар карап турушат.

“Бул жердин баары кулап-түшүп калган. Шыбап койдук”.

“Бул жерде жаракалар бар болчу. Шыбап койдук”.

«Бул жердин былтыр дубалы урап калган. Шыбап койдук”.

Текст: Анастасия Валеева
Фото: Жузумкан Асхатбекова
.

Авариялык мектептер жөнүндө толук изилдөөнү бул жерден окуй аласыз.

Количество просмотров: 198