• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Абакка баңгизатын киргизүүгө аракет кылган эки жаран кармалды

20 Бирдин айы 2023 13:36 Бишкек Govori.TV

Беловодск айылында жайгашкан №16 түзөтүү мекемесине эки жаран баңгизатын киргизүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 16-февралда “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаа менен мекеменин түндүк тарабынан ал жакка өтүүгө аракет кылган 29 жаштагы М.У.Э. жана 23 жаштагы Ш.Б.Н. аттуу кыргыз жарандары кармалган.

Алардын унаасынан скотч менен оролгон, кара-жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар, гашиш баңгизатына окшош, жалпы салмагы 719 граммды түзгөн 2 таңгак алынган.

Бул факты Чүй облусунун Москва райондук милициясына катталып, кармалгандарга карата тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Теги:
Количество просмотров: 80