• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Абакта өлгөн 52 кылмышкердин ичинен 16нын башы кесилген

30 Теке 2019 16:50 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.07.2019.Govori.TV.

Бразилиянын түндүгүндө жайгашкан абакта козголоң чыгып андан 52 кылмышкер каза болду.Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды. 

Маалыматка караганда, өлкөнүн түндүгүндө орун алган Пара облусунун  Алтамира абагында, эки бандалык топтун ортосунда кагылышуу орун алып, тополоңдо 52 киши каза тапкан.

Козголоң 5 саатка созулуп, анда кылмышкерлер абактын бир бөлүгүн өрттөп жиберишкен. Андан тышкары, каза болгондордун ичинен 16 адамдын башы мыкаачылык менен кесилип, калгандарынын көпчүлүгү өрттүн түтүнүнөн ууланып каза тапкан.

Количество просмотров: 27