• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Прокурор блогерге 7 жылдык жаза сурады. Баласын таштаган келин абактан чыкты

16 Жетинин айы 2023 18:19 Бишкек Govori.TV

ПАРЛАМЕНТТИН 85 ЖЫЛДЫГЫ

Бүгүн Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин 85 жылдыгына арналган эл аралык конференция өтүүдө.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын Бишкекте боло турган жыйындарынын алкагында уюштурулган иш-чарага Россиянын Федералдык жыйынынын федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко, Азербайжан Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова, Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаев, Өзбекстан Олий Мажлисинин сенатынын төрайымы Танзила Нарбаева, Беларусь Республикасынын Улуттук жыйынынын республикалык кеңешинин төрайымы Наталья Кочанова, Тажикстандын Оли Мажлисинин Милли Мажлисинин төрагасы Рустами Эмомали жана Армения Республикасынын Улуттук жыйынынын төрагасынын орун басары Рубен Рубинян катышууда.

Андан тышкары, конференцияда Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары, коомдук-саясий ишмерлер, Акылбек Жапаров баштаган министрлер кабинетинин мүчөлөрү, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болду.

ПАРАНЖЫ ЖАНА УЗУН САКАЛГА АЙЫП САЛУУ СУНУШУ

Паранжы, никаб ислам динин туткан кыргызстандык кыз-келиндер үчүн парз эмес. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши тараткан билдирүүсүндө айтылат.

“Бирок никаб (паранжы) парз эмес. хижаб негизги парз. Хижабдын (тасаттур) белгилүү бир формасы жок болгондуктан, аалымдар ар бир адам өзү жашаган мамлекеттин каада-салттарына дал келгендей кийинүүсү туура деп эсептешет.Ал эми сакал коюу ислам дининде сүннөт амалдардан. Аны тыкан, таза кармоо адептерден. Исламда кийинүү маданиятын жана сакал коюу адептерин агартуу, түшүндүрүү жолу менен чечүү максатка ылайык деп эсептейбиз»,-деп жазылат маалыматта.

Эске  салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитованын паранжыга жана узун сакалга тыюу салуу сунушу камтылган мыйзам долбоору 14-ноябрда коомдук талкууга коюлду. Анда жарандардын дин тутуу эркиндиги чектелбей турганы, конституциялык ченемдер жана эл аралык стандарттар сакталары, эрежени бузгандыгы үчүн 2 миң сом айып пул салуу же 30 саатка коомдук иштерге тартуу сунушталып жатканы белгиленди.

БЛОГЕРДИН СОТУ: ПРОКУРОР 7 ЖЫЛ СУРАДЫ

Бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда блогер Ырыс Жекшеналиевдин иши каралды.

Маалыматка караганда, эксперттер үчүнчү ирет сотко келген жок. Кийинки жараян  27-ноябрга жылдырылды.

«Эки тарап жарыш сөзгө чыгып, соңунда прокурор 7 жыл сурады. Эскерте кетсем, буга чейинки процессте мамлекеттик айыптоочу эки беренени кошуп кароо менен 6 жыл эркимден ажыратууну суранган. Кийинки отурумда акыркы сөз сүйлөнүп, чечим чыгат»,-деп жазды ал.

20 жаштагы блогер Ырыс Жекшеналиев 2022-жылдын 14-августунда УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаевдин Нарын облусундагы Жетим-Тоо кени боюнча айткан эски видеосун жарыялаганы үчүн ИИМге суракка чакырылып, кармалган.

Жекшеналиевге карата «Массалык башаламандыктар» («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мамлекеттик айыптоо аны бул иш боюнча алты жылга эркинен ажыратууну суранган.

Жогорку Кеңештин депутаттары жана укук коргоочулар сотту активистти бошотууга, ал эми ИИМди ага карата кылмыш ишин толук токтотууга чакырышкан.

БАЛАСЫН ТАШТАГАН КЕЛИН КАМАКТАН ЧЫКТЫ

Бишкек шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайын таштанды челекке таштаган келин №1 тергөө абагынан чыкты. Маалыматты Бишкек шаардык сотунан ырасташты.

Маалыматка караганда, аны сыртка чыкпоо жөнүндөгү тил каты менен бошотуу чечимин Октябрь райондук соту кабыл алган.

«Сот мындай чечимди шектүүнүн ден соолугуна байланыштуу чыгарды»,-деп жазылат маалыматта.

Учурда келин ооруканада экени кошумчаланды.

Эске салсак, 8-ноябрдын кечинде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде желим баштыкка салынган ымыркай таштанды челектен табылганы жөнүндө милицияга кабар түшкөн. Факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталган.

КУРАЛ-ЖАРАК САКТАЛГАН ЖАЙ ТАБЫЛДЫ

Кара-Суу районунун Жим айылында курал-жарак сакталган жай табылды.

УКМК кабарлагандай, 2010-жылдагы окуялардын сепаратисттик аракеттерине каршы ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, Кара-Суу районунун Жим айылынын аймагындагы курал-жарактар сакталган жай тууралуу маалымат алынган.

Көрүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө куралдар, ок дарылар менен чогу табылган. Эми тиешелүү экспертизага жөнөтүлөт.

Учурда курал-жарак сактоочу жайга тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 203