• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Азаттык ачылды. Кайра шайлоо күнү белгиленди

12 Теке 2023 17:57 Бишкек Govori.TV

КАЙРА ШАЙЛОО КҮНҮ БЕЛГИЛЕНДИ

Жогорку Кеңештин депутатына №26 Ленин округу боюнча кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Маалым болгондой, Боршайкомдун бүгүнкү жыйынында уюштуруу маселеси каралды.

Эскерте кетсек, шайлоо 28-майда өткөн. Алдын ала маалымат боюнча Дамира Ниязалиева жеңген. Бирок, Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86% добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Эки талапкерге тең “шайлоочулардын добушун сатып алууга” байланыштуу доомат айтылган.

Эгерде добушканага келгендердин 30% көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылып, бир айдын ичинде жаңы шайлоо дайындалат.

 “АЗАТТЫКТЫН” СОТТУК ИШИ ТОКТОДУ

Бишкек шаардык соту 12-июлдагы отурумунда Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен «Азаттык Медиа» мекемесинин ортосундагы тынчтык келишимин бекитип, Ленин райондук сотунун 27-апрелдеги «Азаттыктын» ишмердигин токтотуу боюнча чечимин жокко чыгарып, соттук териштирүүнү токтотту.

«Эркин Европа/Азаттык» медиакорпорациясынын веб-сайттарында контентти сактоо боюнча жалпы эрежелер өзгөргөнүнө байланыштуу, контент узак мөөнөткө сакталбайт. Буга ылайык, доо арызга байланыштуу сөз болгон видео «Эркин Европа/Азаттык» веб-сайттарында жеткиликтүү эмес. Тынчтык келишимин бекиткен соттун чечимине ылайык, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Санарип өнүктүрүү министрлигине «Азаттыктын» сайтынын ишин жандандыруу боюнча кат жиберет.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги да бүгүн, 12-июлда билдирүү таратып, «Азаттык Медиа» мекемеси менен соттошуулар токтогонун кабарлады.

Эске салсак, былтыр 26-октябрда Кыргызстандын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы — “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгонун маалымдашкан. Министрлик өз арызын Кыргызстанда былтыртан бери иштеп баштаган «Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө» мыйзамга негиздеген.

САБАЛГАН ЖУРНАЛИСТТИН ИШИ ЭМНЕ БОЛДУ?

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы эркин журналист Ыдырыс Исаков менен “Пансионат Ош” мекемесинин мурдагы директору Маматкарим Койчукуловдун чыры боюнча иш кыскартылганын 12-июлда билдирди.

Маалыматка ылайык, иш майда бейбаштык катары каралып, бул боюнча административдик чара көрүлөт.

Облустук милиция 27-июнда бул окуя боюнча соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкканын, анда Исаковдун денесине эч кандай залал келген эмес” деп бүтүм чыгарылганын билдирген.

Эске салсак, журналистке кол көтөргөн окуя 12-июнда “Жетекчилерге жем болгон пансионат” деген программанын уландысын тартып жүргөн учурда болгон. Социалдык тармактарда жарыяланган тасмадан Маматкарим Койчукулов журналистти бетке чапканын көрүүгө болот.

Ал эми Ош шаардык ички иштер башкармалыгы окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатканын билдирген.

КӨК БӨРҮЧҮ КАРМАЛДЫ

Токтогул районундагы көк бөрү командасынын капитаны баңгизат менен кармалды.

 ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматына Бишкек шаарынын аймагында көп убакыттан бери ири өлчөмдө «нашаа» баңгизатын сатып келген кылмыштуу топ боюнча ыкчам маалымат келип түшкөн.

Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарында баңгизат сатып жүргөн адам катары мурда соттолгон 42 жаштагы Ж.Э. аттуу жаранды аныктаган. Шектүү Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган, учурда Токтогул районунун көк бөрү боюнча командасынын капитаны болуп саналат.

Белгилүү болгондой, милиция Ж.Э. жашаган жерде кызматтык ит менен тинтүү жүргүзүп, анын жыйынтыгында сарайдын чатырында өзгөчө жыты бар зат табылган. Экспертиза табылган зат 62,32 грамм салмактагы «нашаа» баңгизаты экенин көрсөткөн. Ал эми үйдүн короосундагы жашыруун жайда тиешелүү документтери жок ок атуучу курал сакталып турган. Учурда бул факты боюнча экспертиза дайындалган.

Бул фактыга байланыштуу  кылмыш иши козголуп, шектүү соттун чечими менен эки айга камакка алынды.

2 БАЛА СУУГА ЧӨГҮП КЕТТИ

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Южный каналына түшүп кеткен 9 жана 7 жаштагы балдардын сөөгү табылды.

Маалыматка ылайык, балдар 11-июлда сууга түшүп кеткен. Аларды издөөгө куткаруучулар тартылып, бүгүн 9 жаштагы К.М., аттуу баланын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүп берилген. Ал эми 7 жаштагы баланын сөөгү жакындары тарабынан табылган.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда жыл башынан бери 60 адам сууга чөккөн. Бул көрсөткүч былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33%га өскөн. Сууга чөккөндөрдүн 56 пайызы эркектер, 31 пайызы 1 жаштан 2 жашка чейинки балдар.

Количество просмотров: 163