• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Күндүн ыргагы: Көлдөгү 4 пансионат Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берилет. Калп айткан кытай жарандары кармалды

17 Баш оона 2023 18:11 Бишкек Govori.TV

КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН ШИНЖАҢДЫН ОРТОСУНДА КОЛ КОЮЛГАН ДОКУМЕНТТЕР

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кытай Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин саясий бюросунун мүчөсү, Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун (СУАР) партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуй менен жолугушту.
Өкмөттүн маалымат кызматы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлганын маалымдады. Алардын ичинде Чек аралар аралык электрондук сооданы өнүктүрүү жана жөнөтүлгөн товарларды жүгүртүүнү тездетүү үчүн эки өлкөнүн почта кызматтарынын алакасын кеңейтүү жөнүндө келишимге, Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунун жогорку окуу жайларында Кыргызстандын жарандары билим алуусу үчүн стипендиялык 25 орун бөлүп берүү жөнүндөгү келишим бар.

4 ПАНСИОНАТ ӨЗБЕКСТАНГА БАШКАРУУГА БЕРИЛЕТ

Ысык-Көлдөгү төрт пансионат Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берилет. Бул тууралуу “Азаттык” жазды. Маалыматка караганда, Өзбекстан пансионаттардын ар бирине 15-20 миллион доллар инвестиция жумшоону көздөөдө. «Сөз “Дилором”, “Золотые пески”, “Рохат” жана “Бустон” пансионаттары жөнүндө болуп жатат»,-деп жазылат маалыматта. Эске салсак, өкмөт 2020-жылы “Алтын кум”, “Рохат” жана “Дилором” мамлекеттик пансионаттарын жеке менчикке башкарууга берүү ниетин билдирген. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бул жайлар мамлекеттин менчиги болуп кала берерин, инвесторго убактылуу башкарууга берилерин айткан.

ТАШИЕВ БЛОГЕРДИ КАБЫЛ АЛДЫ

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев интернетте tolik_kyrgyz1 деген никнейм менен белгилүү блогер Анатолий Разгоняевди кабыл алды. Маалыматка караганда, Ташиев блогерге «кыргыз тилин өнүктүрүүгө салым кошуп жатканын жана муну жогору бааларын» белгилеп, блогердик ишмердигин «патриоттук духта улантышы керектигин» айтты.
Ташиев блогер Разгоняевге белек катары камчы жана ак калпак тартуу кылды.
Белгилей кетсек, Разгоняев TikTok соцтүйүнүндө кыргыз тилинде ишмердүүлүк алып барат. Анын 38 миңден ашык катталуучусу бар.

ЫСЫК-КӨЛДӨГҮ МУШТАШТЫН ЧОО-ЖАЙЫ

Ысык-Көлдөгү «Радуга Вест» эс алуу борборунун жанындагы пляждык аймакта скутердин ижарачылары эс алуучуларды сабаганы боюнча ишти милиция иликтеп жатат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти. Анын натыйжасында, скутерлерди ижарага алып иштеткендер — Бишкек шаарынын 18 жаштагы тургуну жана Кош-Көл айылынын эки тургуну экени аныкталып, шектүүлөр Тамчы айылдык милиция бөлүмчөсүнүн тергөө кызматына жеткирилди. Аны менен катар скутердин ижарачылары тарабынан ур-токмокко кабылган эс алуучулардын да өздүктөрү аныкталды. Алар Казакстандын Алматы шаарында жашаган Кыргызстандын жарандары — 55 жаштагы киши жана анын 27 жаштагы уулу болуп чыкты.
Жабырлануучулар арыз жазып, скутердин ижарачыларына карата чара көрүүнү өтүнүштү. Арыз Ысык-Көл РИИБдин электрондук журналына катталып, дене жаракаттарынын оордугун аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча мыйзам чегинде чечим кабыл алынат. Учурда текшерүү иштери уланууда.
Буга чейин, 16-августта соцтүйүндөрдө скутерлерди ижарага иштеткендер көл жээгинде эки эс алуучуну сабаган видео тараган.

КЫТАЙ ЖАРАНДАРЫ КАРМАЛДЫ

Бишкекте Кытайдын жарандары алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул туурасында Свердлов райондук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, алар 24-апрель күнү саат 12:00 чамасында борбор калаадагы парктан белгисиз адамдар коркутуп 80 миң долларын карактап кеткенин айтып, милицияга арыз жазган. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренеси («Тоноо») менен иш козголгон.
Тергөө учурунда арызда айтылгандар далилденбей, жалган болуп чыкканы белгиленди. Мындан улам башында кайрылган кытайлыктар: 40 жаштагы Ч.В. жана 37 жаштагы Х.Ш. алдамчылыкка айыпталып кармалган. Алар Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат. Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен иш козголду.

Количество просмотров: 106