• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Абактагы Атамбаевдин Сооронбай Жээнбековго жазган каты тарады

25 Бештин айы 2020 16:33 Бишкек Govori.TV

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин октябрь окуяларынан кийин кызматын тапшырган Сооронбай Жээнбеков экөөнүн мамилеси тууралуу жазган каты жарыяланды. Аны жактоочусу Замир Жоошев фейсбуктагы баракчасына жайгаштырды.

«Кээ бирде көчөдө басып баратып байкабай бок-сак тепселеп аласың. Анан эптеп таманыңды жолго сүртүп алып, ары басып кетесиң. Мен үчүн «Соке дос» өмүр жолумда жолуккан ошондой бир ыплас нерсе. Ага убакыт коротуштун эми кажети жок. Өмүрдү жакшы нерселерге арнаш керек. Аны ансыз деле мезгил да, Кудай да жазалайт. «Соке дос» тарыхта саткынчылыкты, эки жүздүүлүктү, уурулукту норма кылган сасык бир саясатчы катары калат. Азыртадан эле эл арасында «Кудай Сокедей достон сактасын» деген сөз айтылып калды. Мындан жаман жаза ал үчүн да, урпактары үчүн да жок»,-деп жазылган катта.

Количество просмотров: 53166