Бишкек.28.08.2019.Govori.TV.
УКМКнын тергөө абагында коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга шектүү катары отурган мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев адвокаты аркылуу билдирүү таратты. Ал анда аялына жана балдарына карата Латвияда кылмыш иши козголгону айтылган жана «бир нече ирет үчүнчү өлкөгө каражат которгон» деген УКМКнын маалыматын четке каккан.
«Биз Латвия банкында менин жашы жете элек балдарымдын эсептери бар экенин эч качан жашырган эмеспиз. Бардык документтердин түп нускасы УКМКнын тергөө тобуна өткөн жылдын декабрь айында эле берилген. Коомчулукка бул жаңы маалымат катары берилип жатканы түшүнүксүз. Экинчиден, балдарымдын эсеби камакка алынганы боюнча маалымкатты Интерпол эмес, Латвиянын полициясы ушул жылдын мартында берген. Бул мага карата кылмыш иши сотто каралып бүткөнгө чейин колдонулчу стандарттуу процедура экени катта белгиленген. УКМК кылмыш иши менин жашы жете элек балдарыма, анын ичинде 4 жаш 10 ай болгон кызыма да козголгону тууралуу маалымат тараткан. Бул болбогон кеп!»
Зилалиев эсепти ачкан 2017-жылдын сентябрь айынан бери андагы акча кыймылдабаганын билдирген. «Бул болушу мүмкүн эмес, анткени бул билимге коротула турган, операциялык эмес акча, бир тыйынын да которууга мүмкүн эмес», деген Зилалиев.
Августтун башында УКМК Латвиянын укук коргоо органдары Дүйшөнбек Зилалиевдин аялына жана балдарына карата акчанын изин жашыруу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогонун маалымдаган.