• Шейшемби 30 Чын куран 2024
  • Вторник 30 Апрель 2024

Абактагы Эрлан Бекчороевдин жубайы президентке кайрылды

12 Чын куран 2023 9:33 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча камакта жаткан активист Эрлан Бекчороевдин жубайы Шаршекүл Аманова фейсбуктагы баракчасы аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылды.

«Балдарым “аталап” ыйлап жатканына 6 ай болду. Эгер балдарымдын эс тарткан убагы болгондо, балким сизге кайрылмак эмесмин. Тескерисинче атабызды коргоп, мыйзамсыздык менен күрөшүп турмакпыз. Тилекке каршы, балдарым бирөөсү 3 жашта болсо, экинчиси 1 жарым жашка эми гана чыкты.
Садыр Нуркожоевич, дээрлик 6 ай ичинде жолдошум Эрлан Бекчороевге жана Кемпир Абадчыларга бир дагы далил жок. Күнөөсүн далилдей албай, дагы камактагы мөөнөтүн 2 айга, т.а 8-айга узартуу алдында турат. Соттор, тергөөчүлөр эч нерсе чечпээрин, баары сизден көз каранды болуп жатканын айтышууда. Мыйзамды аттап өткөн соттор сиздин башыңызды аттоосу оор болууда. Акыркы “экс ажолорду актоо ырайымы” окуясынан кийин мыйзамдан сиздин ишаратыңыз бийик турары ачыкталып калды. Бул көрүнүштөн улам жолдошумду үй камагына чыгарат деп ишенем. Күнөөсүз, мыйзамсыз камалган жолдошум Эрлан Бекчорону жана Кемпир- Абадчыларды чыгарып, тарыхый кадамга барып айкөлдүк кылыңыз.
Садыр Нуркожоевич Орозо айында балдарымдын көз жашын аарчып соопко калыңыз. Динде айтылган насааттарда “ырайымсыз падыша” жараткандын каарына калат деп бекер эскертилген эмес!», — деп жазат Аманова.

Белгелей кетсек, бүгүн, 12-апрелде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын баш коргоо чарасы каралып башталат.

Эске салсак, саясатчы, активист жана блогерлер Кемпир-Абад иши боюнча 23-октябрда кармалган. Аларга ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон.

Количество просмотров: 158