• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Абактагы Молдокматов Акыйкатчы институтуна арыз жазды

16 Жетинин айы 2021 15:09 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы аппаратынын кызматкерлери абактагы саясатчы Жеңиш Молдокматовдон кабар алды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Саясатчы күч түзүмдөрү 11 жашар кызынын телефону тыңшалып жатканын айтып, Акыйкатчы институтуна баласынын укугун коргоп берүүнү өтүнгөн арыз жазган. Бул кат тармактык бөлүмдүн көзөмөлүнө алынган. Ошондой эле ал камакта кармоо шарттарына эч кандай дооматы жок экенин айткан.

Эске салсак, Молдокматов Ички иштер министрлиги тарабынан 6-майда кармалган. Ага 2020-жылдагы октябрь окуяларында “УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган” деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, “октябрь окуяларында жапырт башаламандык уюштурган” деген кине коюлган. Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалап келет.

Количество просмотров: 166