• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

«Мыйзамсыз түрмөдө отурганыма жалпы 378 күн болду». Молдокматов экспертизанын жыйынтыгы боюнча үн катты

8 Бирдин айы 2023 9:27 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган саясатчы Жеңиш Молдокматов 3-февралда аудио жазуулардын соттук-лингвистикалык экспертизасынын жыйынтыгы менен таанышканын, анда массалык башаламандык уюштуруунун белгилери камтылбаганын билдирди. Бул тууралуу маалымат Молдокматовдун Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

“Экспертизага берилген материалдарда бийликти күч менен басып алуу же күч менен кармап туруу, ошого тете Кыргыз Республикасынын Конституциялык түзүлүшүн күч колдонуп өзгөртүүгө, жана жарандарды расалык, этникалык, улуттук, диний белгилерине жараша өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын белгилеген, басынтууну пропагандалуучу сөздөр, айтымдар, сүйлөмдөр камтылган эмес. Бизге коюлган кине боюнча кылмыштын курамы болгон эмес жана жок”, — деп жазган Молдокматов.

Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүрүп, камалган. Алар акыркы күндөрү «Кемпир-Абад суу сактагычынын жерин Өзбекстанга берилишине каршы» болуп келген.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

Количество просмотров: 2308