• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жеңиш Молдокматовдун камактагы мөөнөтү узартылды

15 Бирдин айы 2023 22:08 Бишкек Govori.TV

Саясатчы Жеңиш Молдокматовдун камактагы мөөнөтү 2 айга узартылды.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 15-февралдагы токтомуна ылайык, Жеңиш Молдакматовго карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 2023-жылдын 20-апрелине чейин узартылды.

2022-жылдын октябрында Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына нааразычылыгын билдирген саясатчы, активист, укук коргоочу жана жарандык активисттер камакка алынган. Учурда 20дан ашуун киши Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта отурат, бир нечеси үй камагына чыгарылган.

Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгону айтылган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камалгандар мунун баарын саясий куугунтук деп атап келет.

Биринчи Май райондук сотунун аларды 20-февралга чейин камакта кармоо тууралуу чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.

Иш жашыруун деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон.

Количество просмотров: 243