• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Абактагы Молдокматов кызынын телефону тыңшоого алынганын айтты

2 Жетинин айы 2021 12:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-ноябрда Биринчи май райондук сотунда Октябрь окуясы боюнча соттук отурум уланды. Сотко Жеңиш Молдокматов, Курсан Асанов жана Фарид Ниязов алып келинип, отурум ачык өттү.

Октябрь окуялары боюнча абакта отурган саясатчы Жеңиш Молдокматов жубайынын жана 11 жаштагы кызынын телефону тыңшоого алынганын айтты.

«Мындан төрт күн мурун түн ичинде мен жаткан камерада тинтүү болду. Эч нерсе таба алышкан жок. Мага алар ачык айтышты, аялыңдын, балдарыңдын телефону тыңшоого алынган дешти. Менин атыман кызымдын телефонуна билдирүү жөнөтүлүптүр. Менин 11 жаштагы кызымдын телефонун тыңшоону саясий кысым»,-деди Молдокматов.

Кезектеги сот отуруму 23-ноябрга белгиленди.

Эске салсак, ИИМ октябрь окуялары боюнча эки кылмыш ишин козгогон. Биринчиси 5-6-октябрь окуялары боюнча, экинчиси — 9-октябрдагы «Ала-Тоо» аянтындагы митингдер боюнча. Биринчи иштин алкагында «Туран» партиясынын лидери Жеңиш Молдакматов кармалган — алгач ага УКМКнын имаратын басып алуу боюнча айып тагылып, кийин беренесин массалык башаламандыктарды уюштурууга өзгөртүлгөн. Ал эми Ички иштер министринин мурдагы орун басары, президенттик шайлоодо талапкер болгон Курсан Асановго Жазык кодексинин 245-беренеси («Имараттарды жана курулуштарды басып алуу») боюнча айып тагылган. Экинчи иш боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге, президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязовго, «Кыргызстандын социал демократтары» партиясынын лидери Темирлан Султанбековго жана УКМКнын 9-бөлүмүнүн мурдагы кызматкери Канат Сагымбаевге айып тагылган. Султанбеков менен Сагымбаев алгач үй камагына чыгарылып, кийин бөгөт чаралары эч жакка кетпөө тил катына өзгөртүлгөн.

Количество просмотров: 192