• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Абактагы Осмонбек Артыкбаев ооруканага жаткырылды

4 Бештин айы 2018 11:37 Бишкек Govori.TV
Бишкек.04.11.2018.Govori.TV.
Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу айыпталып, УКМКнын тергөө абагында отурган Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаев ооруканага которулду.
Бул маалыматты анын адвокаты Айжан Орозакунова ырастады. Жактоочу анын 30-ноябрда соттун чечими менен дарыланууга жатканын белгилеп, кайсы ооруканага экенин айткан жок. Артыкбаев абакта отурган кезде эки-үч жолу дарыгер чакыртылганын кошумчалады.
Артыкбаевдин абактан ооруканага которулганын УКМКнын басма сөз кызматы да ырастады.
Арткыбаев быйыл жайында Мирсаид Миррахимов атындагы улуттук кардиология борборунда дарыланып чыккан. Дарыгерлер эл өкүлүнүн жүрөгү ооруганын айтышып, ага аритмия, астма деп диагноз коюп, кан басымы көтөрүлүп кеткенин аныкташкан.
Мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге «Коррупция» беренеси менен кылмыш иши козголуп, 5-июнда камакка алынган.
Количество просмотров: 19