• Ишенби 13 Кулжа 2026
  • Суббота 13 Июнь 2026

Абактагы Равшан Жээнбеков ЖК депутаттыгына ат салышат

27 Жалган куран 202315:16 Бишкек Govori.TV

Бийликти басып алуу максатында массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деген айып менен Бишкек СИЗО-1 абагында камакта жаткан Равшан Жээнбеков Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышмакчы. Бул тууралуу анын Фейсбук баракчасында маалымдалды.

Эске салсак, ал буга чейин 2021-жылы бул округдан талапкерлигин койгон.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров депутаттык мандатын тапшыруу үчүн арыз жазганын кабарлап, Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымына жана Жогорку Кеңештин төрагасына жазган арызын жарыялады.

12-мартта социалдык тармактарда Жаныбек Абиров бир адамды ур-токмокко алып жаткан видео тараган. Окуя 12-мартка караган түнү Бишкектеги “Золотой дракон” ресторанында болгонун милиция маалымдаган. Ал жерде күзөтчүлөр менен депутат баштаган адамдар мушташып, 26 жаштагы күзөтчү мээси чайкалып, мурду сынып ооруканага түшкөн. Милиция 13-мартта мушташка катышы бар деген шек менен эки адамды кармап, убактылуу кармоочу жайга киргизди. Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козгоду.

Бул окуядан соң, Башкы прокуратура 14-мартта Абировду жоопкерчиликке тартууга макулдук алуу үчүн Жогорку Кеңешке сунуштама киргизген

Количество просмотров: 69