• Жекшемби 7 Кулжа 2026
  • Воскресенье 7 Июнь 2026

Абактагы Садыр Жапаров апасын акыркы сапарга узатуу үчүн айылга барды

9 Жалган куран 201911:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.03.2019.Govori.TV.

Абакта отурган экс-депутаты Садыр Жапаров апасын акыркы сапарга узатуу үчүн Ысык-Көлдүн Түп районундагы Кең-Суу айылына барды.

Садыр Жапаров апасы Кадижан Максүтова 7-мартта Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде каза болгону айтылган.

2017-жылы Садыр Жапаровдун атасы көз жумган, бирок анда коштошуу зыйнатына барууга ага уруксат берилген эмес

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда болгон митинг учурунда Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деп айыпталып, 11 жыл 6 айга кесилген. Учурда ал Молдовановка айылындагы биринчи колонияда жаза мөөнөтүн өтөп жатат.

Количество просмотров: 32