Бугүн, 5-августта камактагы саясатчы Жеңиш Молдокматов ачкачылык акциясын токтотту. Бул тууралуу Govori.TVга «Туран» партиясынын мүчөсү Эрлан Бекчоро уулу билдирди.
«Жеңиш Молдокматов тарапташы Тилекмат Кудайбергеновдун жана Акыйкатчы институтунун өкүлдөрүнүн өтүнүчү менен ачкачылыкты токтотту»,-деди ал.
Буга чейин бир катар саясатчылар жана жарандык активисттер Молдокматовду ачкачылыкты токтотууга чакырган.
Эске салсак, Молдокматов 27- июлда ачкачылык жарыялаган. Ал Ички иштер министрлиги тарабынан 6-майда кармалган. Ага 2020-жылдагы октябрь окуяларында “УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган” деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, “октябрь окуяларында жапырт башаламандык уюштурган” деген кине коюлган. Молдокматов өзүнүн камалышын саясий куугунтук катары баалап келет.