• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Абактагы Шаменов шайлоого катышарын айтты

4 Чын куран 2023 10:28 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча камакта олтургандардын бири, жарандык активист Илгиз Шаменов Жогорку Кеңешке Ленин районунун бир мандаттуу №26 шайлоо округунан талапкерлигин көрсөтө турганын айтты. Бул тууралуу Шаменовдун фейсбук баракчасыда жарыяланды.

Кайрылуусунда ал, 2021-жылы Бишкек шаардык кеңешине ат салышып, депутат болгонун, «БГКдагы чириген системаны көрүп, өз каалоом менен мандатымды тапшырып бергем», — деген пикирин билдирген.

«Азыр болсо элимдин жана жараткандын колдоосу менен, Кудай деп шайлоого түрмөдөн аттандым. Себеби бирөө гана, чындык-адилеттүүлүк үчүн күрөшүү.
Урматтуу калайык калк өзүңүздөр билгендей, жарым жылдан бери эч бир далилсиз, саясий иш менен абакта отурам. Эмне үчүн абакта отурган себебимди, коомчулук жакшы билесиздер деп ойлойм!», — деп кошумчалаган Шаменов.

Эскерте кетсек, ЖК депутаты Жаныбек Абиров кафедеги мушташтан улам депутаттык мандатын өз аразы менен тапшырып берген. Ал шайланып келген №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2023-жылдын 28-майына дайындалган.

Учурда талапкерлерди каттоо журуп жатат. БШКнын маалыматына ылайык, шайлоого катыша турган талапкерлердин саны үчкө жетти.

Количество просмотров: 501