• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абактагы Султанбеков ачкачылык кармап жатканына 23 күн болду

5 Бештин айы 202414:59 Бишкек Govori.TV

Социал-демократтар партиясынын абактагы лидери Темирлан Султанбеков ачкачылык кармап жатканына 23 күн болду.

Маалыматка ылайык, Султанбековдун ден соолугу тездик менен начарлап, дене табы түшүп, алсыз болуп жатканы айтылат.

Свердлов райондук соту 15-ноябрда Темирлан Султанбековду, Социал-демократтар партиясынын Бишкектеги шайлоо штабынын башчысы Ирина Карамушкинаны жана партиянын тарапташы Роза Түрксеверди эки айга камакка алган. Бишкек шаардык соту 2-декабрда аларды камакта калтырган.

Шектүүлөргө Бишкек шаардык милициясы 14-ноябрда Кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон. Алар коюлган айыпты четке кагып, муну саясий басым-кысым деп баалап жатат.

Количество просмотров: 143