• Ишенби 25 Теке 2026
  • Суббота 25 Июль 2026

Абактагы Жээнбеков кайрылуу жолдоду

4 Бирдин айы 202315:02 Бишкек Govori.TV

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчы Равшан Жээнбеков кайрылуу жолдоду. Ал Юстиция министрлигине, Кыйноолорду алдын алуу борборуна, Акыйкатчы институна, ЖМКга жана укук коргоо уюмдарына кайрылды.

«Жаза аткаруу кызматы боорумду дарылоо үчүн ооруканага жаткыруу өтүнүчүмө «сунушталган дарылануудан баш тартты» деп жооп берди. Мага Молдовановкадагы №31 колонияда дарыланууну сунушташты, ал жерде квалификациялык жана адистештирилген дарыланууга, квалификациялуу дарыгерлердин көзөмөлүндө күчтүү дарыларды ичүүгө мүмкүн эмес», — деп жазды ал.

Ошондой эле Жээнбеков дарыгерлер ага «абалы оорлошуп кетпеси үчүн, мүмкүн болушунча эрте ичүүнү» сунуштап, күчтүү дарыларда жазып бергенин белгиледи.

«Кайталап айткым келет, анализдин жана УЗИнин жыйынтыгы боюнча ден соолугум күндөн-күнгө начарлап баратат. ЖАК бул көрсөткүчтөргө да кайдыгер мамиле жасап, абалымды анча деле оор эмес деп баалап жатат. Мындай учурда ЖАКтын дарыгерлери боорумду цирроз кылып, андан кийин гана адистештирилген жана квалификациялуу дарыланууга мүмкүндүк берүүнү көздөп жатат деп кантип ойлобойсуң», — деди саясатчы.

Количество просмотров: 297