• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Абактагы Жээнбековдун кандай мүлктөрү бар? (Декларация)

7 Бештин айы 2021 14:18 Бишкек Govori.TV

Экс-президенттин бир тууган иниси жана ЖКнын мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков өткөн жылы 2 миллион 119,7 миң сом иштеп тапкан. Бул туурасында анын Салык кызматына тапшырган декларациясында көрсөтүлөт.

Андагы маалыматтар боюнча, Жээнбеков төмөнкүдөй мал-мүлккө ээлик кылат:

  • Үй — аянты 1,5 миң чарчы метр;
  • Толук бүтө элек курулуш объектиси — аянты 3,5 чарчы метр;
  • Жогоруда белгиленгенден башка конструкция — аянты 9,7 миң чарчы метр;
  • Жылкылары — 1,25 миллион сом;
  • Бодо малы — 1,1 миллион сом;
  • Аарылары — 650 000 сом;
  • Майда жандыктары (кой, эчки) — 750 миң сом;
  • Акциясы — 210 миң сом;
  • Эмерек — 410 миң сом;
  • Тиричилик техникасы — 135 миң сом;
  • Сүрөт, аудио жана видеотехника — 170 миң сом;
  • Жогоруда белгиленгенден башка кыймылдуу мүлкү — 295 миң сом.
  • Ишенимдүү башкарууга өткөрүп берилген төрт чарба субъектиси: «Алтын-Көл» акционердик коому (91,52%), Айдарова Г.К. жеке ишкердиги (100%), «Бий-Мырза» деп аталган эки ЖЧК (100%);

Асылбек Жээнбековдун жакын туугандары 2020-жылы 550 миң сом иштеп тапкан. Турак жай, айыл чарба багытындагы эмес жер тилке, башка конструкциялары бар экени жазылган, бирок аянты «0» деп турат. Ошондой эле аларга таандык Toyota Land Cruiser унаасы, 480 миң сомдук баалуу металлдар, 180 миң сомдук эмерек, 110 миң сомдук фото, аудио-видеотехника жана башка кыймылдуу мүлкү 120 миң сомго бааланган.

Эске салсак, Жээнбеков «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда коррупцияга барган деген шек менен кармалып, учурда УКМКнын тергөө абагында.

Количество просмотров: 516