• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Абактагы Журабаеванын абалы начарлаганы айтылды

28 Бирдин айы 20239:06 Бишкек Govori.TV

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мурдагы мүчөсү, «Кемпир-Абад иши» боюнча камакта отурган Гүлнара Журабаеванын саламаттыгы начарлап кеткендиктен, аны ооруканага жаткыруу зарыл. Бул тууралуу анын адвокаты Бакытбек Автандил уулу билдирди.

Адвокаттын айтымында, абактагы шарттар 64 жаштагы Журабаеванын абалына терс таасир тийгизип,анын өнөкөт оорулары козголуп жатат.

» 27-февралда Кыйноого каршы улуттук борбордун өкүлдөрү Журабаевага жолугуп чыкты»,-деди ал.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразычылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат. Алардын айрымдары ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган же ооруканага жатууга уруксат алган.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Количество просмотров: 141