• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Абактан ачкачылык кармагандардын жакындары митингге чыгышты. Чек арадан мыйзам бузган молдовалык жарандар кармалды. Соңку жаңылыктар 14 02 18

14 Бирдин айы 2018 14:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 14.02.2018. Govori.TV

Абактан ачкачылык жарыялагандар

Абакта ачкачылык кармап жаткан Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун жана Эрнест Карыбековдун тарапташтары, жакындары Жогорку Кеңештин алдында нааразылык акциясын өткөрүшүүдө. Алар президенттен жана соттордон бул саясатчыларга көңүл бурууга жана алардын ишин калыс кароого үндөп жатышат. Чогулгандар УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаевдин кызматтан кетишин да талап кылууда. «УКМКнын жетекчиси Абдил Сегизбаев кызматтан кетсин» жана «соттор адилет чечим чыгарсын» деген талаптар менен камактагы Бектур Асанов 30-январдан, Карыбеков 31-январдан, Кадыров 1-февралдан бери «кургак ачкачылык» кармай баштаган. Алар «бийликти күч менен басып алууга аракеттенген» деп 2016-жылы камалган. Сот Асанов менен Карыбековду 12 жылга, Кадыровду 20 жылга түрмөгө кескен.

Чек арадан мыйзам бузган чет элдик жарандар кармалды 

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда Өзбекстанга жакын аймакта чек ара эрежесин бузган эки чет элдик жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү кабарлады. Кабарларга караганда, кармалгандар Молдова Республикасынын жарандары экени аныкталды. Алар Кыргызстандын Өзбекстан менен чек ара сызыгына 50 метрге чейин жакындап барып, чек араларга байкоо салып жүргөн. Кармалгандар өздөрү муну саякаттап жүрүп адашып кетишкени менен түшүндүргөн. Алар чек ара аркылуу картаны карап, андан ары жол табууну максат кылышканын айтышты. Чет элдиктер Кыргызстанга 2017-жылы апрелде Тажикстан аркылуу келген. Тергөө учурунда алардын Кыргызстанда жүрүү укугу 2018-жылдын январь айында аяктаганы белгилүү болду. Кармалгандарга карата тиешелүү документтер толтурулгандан кийин алар УКМКнын жергиликтүү бөлүмчөсүнө өткөрүлүп берилди.

Футзал кыз-келиндер арасында 

2018-жылдын 19-февралынан 23-февралына чейин “Sun City” спорткомплексинде кыз-келиндер арасында футзал боюнча өлкө кубогу өтөт. Мелдешке өлкөнүнүн бардык аймагынан 8 команда катышат. Бул тууралуу Футбол федерациясынан билдиришти.Мелдеште командалар эки тайпага бөлүнүп оюн өткөрүшөт. Белгилей кетсек финал 23-февраль күнү саат 11:00дө башталат.

Количество просмотров: 13