• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Абактан качууга аракет кылган жаранга курал колдонулду

18 Тогуздун айы 201910:06 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Молдовановка айылындагы №1 түрмөдөн 19-жылга соттолгон 31-жаштагы жаран качууга аракет кылган. Түрмөнүн күзөтчүлөрү курал колдонуп, соттолгон адамга эки жолу ок тийип, ооруканага жаткырылды.

Бул тууралуу Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматтын (ЖАМК) басма сөз кызматы маалымдады.

Качууга аракет кылган кишиге медициналык жардам көрсөтүлүп, ден соолугу канааттандыраарлык экенин маалымдашты. Окуя 17-октябрда эртең менен болгон. Учурда бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, иликтөө иштери башталды.

Булак: Азаттык.

Количество просмотров: 16