• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Абактан кат: Текебаев энелерди куттуктады

18 Бугу 2018 15:53 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.05. 2018. Govori.TV

Мыйзамсыз камалып, учурда абакта жаткан “Ата Мекен” партиясынын лидер Өмүрбек Текебаев Энелер күнү менен кыргызстандык жалпы энелерди, апаларды куттуктады.

Ада ал энелердин коомдогу ордун баса белгилеп, алардын майрамы куттуу Орозо күнүнүн башталышына туш келгендигине токтолгон.

“Бейиш – эненин таманынын алдында” деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Чындыгында, эненин ыйыктыгы айтып бүткүс чоң тема… Сиздер, биздин сыймыгыбыз, дөөлөтүбүз жана төрүбүздүн кутусуздар”, -деп белгилеген Өмүрбек Текебаев.

Куттуктоонун текстин өзгөртпөй беребиз.

Кымбаттуу энелер, асыл апалар! Урматтуу мекендештер! Май айынын үчүнчү жекшембиси Кыргызстан эли Энелер күнүн белгилейт. Бул майрам кыргызстандыктар үчүн жагымдуу майрамдардын бирине айланды.

Мээримдүүлүктү, аруулукту даңазалаган бул майрам быйыл ыйык Орозо айына туура келип отурат. Эне күнү үйдүн куту болгон энелердин ыйыктыгын, асылдыгын жана эне мээримин дагы бир ирет даңазалап, өзгөчө жылуу сөздөрдү арноого мүмкүндүк түзөт.

“Бейиш – эненин таманынын алдында” деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Чындыгында, эненин ыйыктыгы айтып бүткүс чоң тема…

Сүйүктүү энелер, апалар! Сиздер, бир гана майрам күндөрү гана эмес, өмүр бою кадырлоого татыктуусуздар. Сиздер биздин сыймыгыбыз, дөөлөтүбүзсүз, үйүбүздүн, төрүбүздүн кутусуздар. Биз үчүн канчалаган кыйынчылыктарды көргөнүңүздөрдү биз ар дайым билүүгө жана ал мээнетиңиздерди актоого, акыбетин кайтарууга милдеттүүбүз.

Майрамыңыздар менен куттуктап жатып, мен Сиздерге жакшылыктарды, бактылуу күндөрдү каалайм! Ден соолугуңуздар чың болуп, бакубат жашоо кечириңиздер!

Өмүрбек Текебаев

“Ата Мекен” социалисттик партиясынын лидери

Количество просмотров: 42