• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абактан тик учак менен кеткен Ажиев. Жапаров комментарий берди

6 Жалган куран 20269:19 Бишкек Govori.TV

Президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине кезектеги кыскача маегин куруп, анда мыйзамсыз вебкам студияларды иштеткени үчүн соттолгон Даниэл Ажиевдин ырайым менен абактан чыгышы тууралуу комментарий берген.

Жапаровдун айтымында ага Ажиевдин апасы кайрылган.

«Вотсап номеримди кимден алганын билбейм, түздөн-түз видео кайрылуу менен кайрылган экен. «Келиним 4 баласы менен кыйналып жатат, бир баласы майып, жашоо-турмушубуз аябай оорлошуп кетти, балама ырайым берип чыгарып бериңиз. Балам мындан ары тартиптүү болуп, тынч жүрөт, мен кепилдик берем”, — деп. Мен боорукер адаммын. Чындап эле ишенип, ырайым бердим. Бир эле Ажиевге эмес, ошол күнү жалпысынан оор эмес кылмыш кылган 75 соттолуучуга ырайым бергем», — дейт президент.

Өлкө башчсы ошондой эле Ажиевдин абактан тик учак менен учуп кетиши тууралуу да комментарий берди.

«Анан эле мага “Ажиев түрмөдөн тик учак менен учуп кетип жатат” деген кабар келди. Дароо ошол замат тик учакты кайра артка кайтартып, учкан ордуна кондурдук. Ошентип Ажиев машина менен үйүнө кетти. “Тик учак менен учуп кетти” деген маалымат чын. Бирок 15 мүнөт өтпөй учакты артка кайтартып, учкан ордуна кондурганбыз. Учак боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигин күнөөлөп жаткандар да болуп жатканын мен да көрүп жатам. Бул жерде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эч кандай күнөөсү жок. Тик учактар өзгөчө кырдаалдардан сырткары коммерциялык буйрутмаларды дагы аткара берет. Күндө эле өзгөчө кырдаалдар боло бербейт да. Ошондуктан тик учактар өзүн-өзү акташ үчүн бош убактарда коммерциялык буйрутмаларды аткара беришине уруксат бергенбиз. Ким акчасын төлөп, буйрутма берсе учак кызмат көрсөтө берет.

Ал жерде Ажиевди түрмөнүн жанынан алып кетүү деген буйрук болбойт. Учуп барып конуу локациясы, кайра учуп келип конуу локациясы, учуу сааты жана адамдардын саны гана көрсөтүлөт. Ошондуктан министрликти күнөөлөштүн кереги жок. Эгер кимде-ким тик учактын кызматынан пайдалангысы келсе, акчасын төлөп пайдалана берсеңер болот.

Ал эми Ажиев темасына кайтып келсек, мен дагы угар замат дендароо боло түштүм. Апасы “итке минип калдык” деп ыйлап атса, баласы болсо түрмөдөн тик учак жалдап учуп жатса, “мени алдаган экен да” деп. Негизи менин боорукерлигимден жана жумшак мамиле жасаганымдан көптөрү пайдаланышат. Бирок көпкө узашпайт. Жумшак кишилердин катуулугу кармаса таптакыр жазылбайт эмеспи», — деди Жапаров.

Президент ошондой эле маегинде журналисттин абактагы акын Аскат Жетиген боюнча суроосуна жооп берип жатып, ырайымды тандап бербесин, ким ырайым сурап, арыз менен арызынын негизинде чечим кабыл аларын айтып, «арыз менен кайрылса, аны да караганга даярбыз» деген.

Количество просмотров: 298