Бүгүн, 24-майда ЖКнын «Ишеним» фракциясынын жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жаткан Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Кыргызстандан кетип жаткан чет элдик жарандар тууралуу маалымат берип, алардын өлкөдөн чыгуусунун себептерин кошумчалады.
«Алардын чыгып бара жаткандыгынын себептеринин бири окуу мөөнөтү бүтүп жатат. Ошого чыгып кетип жатышат. Андан тышкары, алардын чыгып бара жатканынын себеби, көбүн Пакистан мамлекети бекер учак менен алып кетип жатат», — деди Абдиев.
Ал белгилегендей, акыркы 3 күн ичинде Кыргызстанга Пакистандан 388, Индиядан 13 жана Бангладештен 71 жаран келди.
Эске салсак, 17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. 18-майга караган түндө Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып башаламандык жаралган.
Бул окуядан кийин 40тан ашык адам ооруканага кайрылган.
ИИМдин маалыматына караганда, бул окуялар боюнча 10дон ашык кылмыш иши козголду. Бир катар шектүүлөр кармалды.