• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Абдил Сегизбаев экинчи ирет суракка чакырылды

13 Баш оона 201910:06 Бишкек Govori.TV

Бишкек.13.08.2019. Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев бүгүн Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка барат.

Алдын ала маалыматтар боюнча атайын кызматтын экс-жетекчиси 15:00дө ИИМде болушу керек.

Буга чейин айрым маалымат каражаттары Сегизбаев Кой-Таштагы окуяларга байланыштуу камакка алынганын жазып чыгышкан. УКМКнын мурдагы төрагасынын жакындары бул маалыматты четке кагып, милиция кызматкерлери чакыруу тапшыруу үчүн гана барганын кабарлашкан. Азырынча кайсы иш боюнча жана ким катары чакырылганы белгисиз.

Абдил Сегизбаев 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди УКМКнын «Альфа» ыкчам бөлүгү кармаганы барган учурдагы кагылышта жаракат алып, ооруканага жеткирилгени айтылган.

7-8-августта Кой-Ташта болгон окуялар боюнча президенттик аппараттын мурдагы башчысы Фарид Ниязов, КСДПнын мүчөлөрү Алга Кылычов, Кыяз Исмаилов жана Амантур Жамгырчиев 8-октябрга чейин камакка алынган. Атамбаевдин бир нече тарапкери ИИМге күбө катары сурак берүүдө

Количество просмотров: 16