Бүгүн, 27-январда УКМКнын мурунку башчысы, президентткке талапкер болгон Абдил Сегизбаевдин баш коргоо чарасы Биринчи май райондук сотунда каралат. Бул тууралуу анын катчысы Мээрим Асанова билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн 16:00дө Биринчи май райондук соту Сегизбаевдин баш коргоо чарасын карайт.
«Биринчи май райондук сотуна тарапташтары дагы чогулат»,-деди ал.
Буга чейин Аскер прокуратурасынын алдына дагы Сегизбаевдин тарапташтары чогулган. Абдил Сегизбаев Аскер прокуратурасы тарабынан 25-январда камакка алынган.