• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

УКМКнын мурдагы төрагасы Сегизбаев ИИМге сурак берип чыкты

15 Баш оона 20229:31 Бишкек Govori.TV

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Ички иштер министрлигинин тергөө кызматына сурак берип чыкты. Маалыматты Govori.TVга ИИМдин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, Сегизбаев ИИМге 14-август күнү сурак берген.

Буга чейин Абдил Сегизбаев «Жетим-Тоо» кенин иштетүүгө каршы экендигин билдирип, кайрылуу жасаган.

Эске салсак, кечээ, 14-август күнү президент Садыр Жапаров Жетим-Тоонун айланасындагы талаш-талкууга байланыштуу элге кайрылуу жолдоп, ал жердеги кенди колдонууга каршы чыккандарды сындаган. Ал жарандарды «Жетим-Тоону берип атышат деп калп сүйлөбөөгө» чакырган.

Количество просмотров: 862