• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте митинг өткөрүүгө салынган тыюунун мөөнөтү узартылды

3 Теке 202321:55 Бишкек Govori.TV

Бишкектин борборундагы айрым жерлерде митинг өткөрүүгө салынган тыюунун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, чектөө 1-октябрга чейин узартылды.

Митингге чыгууга болбой турган жайлардын тизмесинде «Ала-Тоо» аянты; Эркиндик проспектиси — темир жолдон Чүй проспектисине чейин; Президенттик администрациянын жана ЖК имараттарынын жанында; Панфилов паркында; Таттыбүбү Турсунбаева атындагы скверде; Жогорку соттун алдында; Россиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдында; УКМК имаратынын жаны бар.

Ар кандай акцияларды бир гана Горький паркында өткөрүүгө уруксат берилген.

Количество просмотров: 122