• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Абдрахманов: «Кыргызстан» банктын мүлктөрүн камакка алууга негиз жок болчу

12 Бештин айы 201916:30 Бишкек Govori.TV

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы сотко «Кыргызстан» банкына тиешелүү болгон мүлктөрдү камакка алуу тууралуу ходатайство келтирген. Бул тууралуу кактус мэдиа өздүк булактарына таянып жазып чыкты. Маалымат боюнча, 16 кыймылсыз мүлктү камакка алуу чечими болгон.

Ал эми бүгүн, «Кыргызстан» банкынын өкүлдөрү маалымат жыйынын өткөрүшүп, ал жайлаарды кандай негизде камакка алышканын түшүнбөй жатышканын айтышып, нааразы болушту.

Жыйын учурунда адвокат Амантур Абдрахманов кылмыш ишинин козголуусуна негиз жок болчу, себеби эки тараптын тең бири-бирине дооматы жок деген пикирин билдирди.

Количество просмотров: 28