• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Абдыбек Дюшалиев: Атыргүл Сарыбаеванын жоопторуна канааттандым

31 Үчтүн айы 2019 15:34 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 31.01.2019. Govori.TV

Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбек  Дюшалиев КТРК Байкоочулар кеңешинин мүчөсүнө шайланган Атыргүл Сарыбаеванын татыктуу талапкер экенин белгиледи.

Анын билдирүүсүнө ылайык, кечээ 30-январда парламенттеги аталган кеңештин мүчөсүнө талапкер Сарыбаевага берилген суроолордун жообуна канааттанган.

Кошумчалай кетсек, Жогорку Кеңеш КТРКнын Байкоочулар Кеңешине талапкер Чынар Капарованын 79 добушун жокко чыгарып, 5 саат тартышып отуруп, 77 добуш менен Атыргүл Сарыбаеваны шайлашты.

Буга чейин, КТРКнын байкоочу кеңешине талапкер Атыркүл Сарыбаевага добуш бересиңер деген көрсөтмө келип түшкөнүн “Govori.TV.” маалымат агенттигине өздүк булактар кабарлаган. Атын атагысы келбеген айрым депутаттар маалыматты тастыктаган.

Количество просмотров: 23