• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Момбеков: Атыркүл Сарыбаева “Бүгүнкү талаш-тартыштын бардыгы сиздин айыңыздан болуп жатат”

30 Үчтүн айы 2019 17:07 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 30.01.2019. Govori.TV

КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсүнө талапкер Атыркүл Сарыбаевага: «Бүгүнкү талаш-тартыштын бардыгы сиздин айыңыздан болуп жатат. Муну убагында тарых айтат»

Бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Рыскелди Момбеков КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө талапкер Атыркүл Сарыбаевадан мурунку шайлоого катышып, канчанчы орун алганын сурады. Сарыбаева өтпөй калганын айтты.

Момбеков: «2018-жылы апрель айында сиз мындан мурунку шайлоого катышып акыркы орунду алгансыз. Бүгүнкү талаш-тартыштын бардыгы сиздин айыңыздан болуп жатат. Муну убагында тарых айтат», — дейт.

Учурда Жогорку Кеңеште КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө маселе каралууда. Депутаттар түшкө чейин талапкерлерге жашыруун добуш беришип, эң көп добушту талапкер Чынар Капарова алды. Айрым эл өкүлдөрү жыйынга келбеген талапкерге добуш берилбей калганын айтышып, чечим жокко чыгарылды. Кайрадан добуш берүү маселеси каралып жатат.

Интернетте Атыркүл Сарыбаевага добуш бересиңер деген көрсөтмө келип түшкөн деген маалыматтар тарап жатат.

Булак: super.kg

Количество просмотров: 33