• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Абдылдаев: «ТЭЦ боюнча шалаакылык беренеси менен иш козгогондор өздөрү шалаакы»(видео)

16 Бирдин айы 2018 15:40 Бишкек Govori.TV
Бишкек.16.02.2018.Govori.TV
Бишкек ЖЭБиндеги авария боюнча шалаакылык беренеси менен козголгон кылмыш иши туура эмес. Бул тууралуу депутат Мыктыбек Абдылдаев билдирди.
«Шалаакылык беренеси менен кылмыш ишин козгопсуңар. Кимди суракка алдыңар»,-деп УКМК өкүлүнө суроо берди депутат.
УКМК өкүлү: «Бишкек ЖЭБдин мурдагы директорун, башкы инженерди сурадык. Азыр төмөндөн өйдө сурап жатабыз»,-деди.
Депутат Мыктыбек Абдылдаев Бишкек ЖЭБинин директору, башкы инженер, керек болсо энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиев дагы кызмат адамы эмес, чарба адамы экенин айтты. Шалаакылык беренеси кызмат абалындагы гана адамдарга козголот.
Мыктыбек Абдылдаев прокуратура чарба ишине кийлигишпесин деген мыйзам бар экендигин, бирок Башкы Прокуратура өзү ал мйзамды бузуп жатканын айтып, Башкы Прокуратура өзү шалаакы мамиле кылгандыгын билдирди.

Количество просмотров: 36