2020-жылдын 5-ноябрында КР БШКга Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн-өзү көрсөтүү менен 1959-жылы туулган, пенсиядагы Абдыкаар Токтобекович Сыдыковдон арыз түштү. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.
Эске салсак, 5-ноябрга чейин Кыргыз Республикасынын 7 жаранынан (А. Мадумаров, А. Абдылдаев, К. Чороев, Н. Нышанов, Б. Асанов, Б. Бакетаев, К. Исаев) Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына өзүн-өзү көрсөтүү менен талапкер катары арыздар түшкөн.