• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Абдыкадыров менен Конгантиев шаардагы көйгөйлөрдү талкуулашты

1 Жалган куран 2022 10:40 Бишкек Govori.TV

Калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Кубанычбек Конгантиев менен жолугушту. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР мыйзамынын алкагында муниципалитет менен шаардык кеңештин кызматташуу вектору талкууланды. Тараптар муниципалитеттин оперативдүү жана сапаттуу ишмердүүлүгүн ишке ашыруу боюнча биргелешкен аракеттердин так координацияланышын белгилешти.

Калаа мэри жана Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы коомдук транспорт, таштандыларды сорттоочу заводдун курулушу, өз алдынча турак жай курууну мыйзамдаштыруу, быйылкы жылдын бюджетин түзүү тууралуу маселелерди талкуулашты.

Количество просмотров: 35