• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Абдыкадыров: Мэрлик кызматка келүүм күтүүсүз болду

2 Жалган куран 2022 10:33 Бишкек Govori.TV

Мэрлик кызматка келүүм күтүүсүз болду. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйында билдирди.

«Бир саатта эле чечилип калды, президент Садыр Жапаров мага чоң ишеним артты»,-деди ал.

Абдыкадыров буга чейинки мэр Айбек Жунушалиевдин кабыл алынган программасы кайра артка чакырылып, бир ай аралыгында толуктоолорду киргизүү менен кайра кабыл алына турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, Эмилбек Абдыкадыров Бишкек шаарынын мэри болуп 24-февралда дайындалган.
Аталган жарлыкка мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгон. Калааны буга чейин башкарып келген Айбек Жунушалиев президенттин жарлыгы менен президенттин администрациясынын жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын начальниги болду.

Абдыкадыров Бишкек мэриясынын системасында 30 жылдан ашык иштеп, үч жолу шаардык кеңештин депутаты, вице-мэр болуп эмгектенген.

Количество просмотров: 97