• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Абдылдаев фракция лидерлерин кеңешкенге чакырды

10 Тогуздун айы 202018:14 Бишкек Govori.TV

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында ЖК депутаттарынын чукул жыйыны фракция лидерлеринин кеңешүүсүнөн кийин башталмай болду. Бул тууралуу жыйындын спикери Мыктыбек Абдылдаев билдирип, лидерлер менен өзүнчө жыйындар залына кирип кетти.

Биздин кабарчыбызды санаганына ылайык, учурда залда депутаттардын саны 51, ал эми жыйын өткөрүү үчүн кворум болуусу керек, башкача ацтканда 61 депутат топтолуусу зарыл.

Буга чейин жыйындын күн тартибинде Бишкекке өзгөчө абал киргизүү, жаңы депутаттын ант берүүсү жана премьер-министрлик кызматка талапкерди кароо деген үч маселе бар экени айтылган. Бирок вице-спикер Аида Касымалиева 6-октябрда «Достук» мейманканасында өткөн жыйын мыйзамдуу экенин, бүгүнкү жыйында премьерликке талапкер эмес, өкмөттүн программасы жана курамы талкууланарын журналисттерге билдирди.

Количество просмотров: 84