Президенттин басма сөз кызматы тарабынан тараган Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиевдин сүрөтү коомчулукта талкууга алынды.
Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) расмий сапар менен учуп кеткен. Президент баштаган делегациянын курамында учурда крим төбөл Азиз Батукаевдин абактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишинде өтүп жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Зарылбек Рысалиев да бар. Белгилей кетсек ал бул ишке байланыштуу уй камагына алынган болчу, мындан тышкары ал акыркы алты ай ооруканада жатканы маалым. Мыйзам боюнча үй камагындагы адамга чет өлкөгө чыгууга тергөө уруксаат бере алат, бирок саламаттыгы оңунда болсо. Ал эми Рысалиев 28-ноябрда Парламентке келгенде журналистер менен сүйлөшүп, ооруп жатканын жана жакшы сүйлөй албастыгын айткан эле.