• Шаршемби 1 Теке 2026
  • Среда 1 Июль 2026

Абылгазиев башка өлкөлөрдөн келгендерди текшерүү иши менен таанышты

29 Бирдин айы 202019:18 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 29-февралда башка өлкөлөрдөн келген жүргүнчүлөрдү текшерүү иши менен таанышуу үчүн «Манас» эл аралык аэропортуна барды.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Абылгазиев анда Түркиядан келген жүргүнчүлөрдү текшерүү процессин көрдү. Учакта 150 жүргүнчү болгон, бул каттам менен келгендердин арасынан вирус аныкталган жок.

«Биз сак болуп, жерибизге келген ар бир адамды текшерүүгө тийишпиз. Дене табынын жогору болушун гана эмес, тигил же бул жүргүнчү келгенге чейин кайсы өлкөдө болгонун да текшерүү керек. Муну жалпы жарандык паспорт боюнча текшерүү оңой. Вирус бар деп шек саналгандардын баарын изоляция кылуу зарыл», — деди Абылгазиев.

Премьер-министр убактылуу обсервация жайына да барды. Учурда эпидемиологиялык абал жакшы эмес ар кыл өлкөлөрдөн келген 122 адам бар. Алар текшерүүдөн өтүп, 14 күндүк карантинге алынган. Алар ошондон кийин гана өлкөгө өткөрүлөт.

Абылгазиев бардык өткөрмө жайларда көзөмөлдү күчөтүүнү, ошондой эле текшерүүчү кызматкерлерди тийиштүү гигиеналык жана коргоочу каражаттар менен камсыздоону тапшырды.

Соңку маалыматтар боюнча, Кытайдын Ухань шаарынан чыккан коронавирусту жуктургандардын саны 83 миңге жетип, вирустан 2800дөн ашык киши каза болду. Коронавирус 50дөн ашык өлкөгө жайылып, вирустун очогу болгон Кытайдан кийин эле вирус эң көп катталган Түштүк Корея, Иран жана Италия өлкөлөрү болууда.

28-февралда Кыргызстан коронавирус жайылып жаткан Кытайдын, Ирандын, Италиянын, Жапониянын жана Түштүк Кореянын жарандарынын өлкөгө келишине убактылуу чектөө киргизди. 

Количество просмотров: 125