Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылынын тургундары менен жолукту.
Премьер-министр чек арага байланыштуу маселелер чечиле турганын айтып, сүйлөшүү процесстери күчөтүлөрүн кошумчалады.
Азыр чек ара маселеси боюнча адистердин бардыгын күчтөп жатабыз. Азыр губернаторду баш кылып, Жеңиш Разаков болуп айткан маселелерди чечели деп келип атабыз. Азыр сүйлөшүү процесстерин күчөтөбүз. Тез аранын ичинде, өзгөчө шахмат сымал жашаган жерлерди кандай чечебиз деген маселени коёбуз,-деди Абылгазиев.