• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Абылгазиев: Билим берүүгө инвестиция кылбаган коом өтө кыйын социалдык кесепеттерге кабылат

28 Баш оона 201916:58 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.08.2019.Govori.TV.

Билим берүүгө инвестиция кылбаган коом өтө кыйын социалдык кесепеттерге кабылат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн жыйынында билдирди.

«Бүгүнкү мезгил ааламдашуунун гана доору эмес, инновациялык изденүүнүн жана айыгышкан атаандаштыктын заманы экендигин белгилеп кетким келет. Ушундай атаандаштыкта биздин мектептер жана окуу жайларыбыз жөн гана адис-аткаруучуларды эмес, демилгелүү чыгармачыл, жогорку интеллектуалдуу адистерди даярдап чыгаруусу зарыл. Жаңыча ой жүгүртүп, мамлекетти өсүп-өнүгүүгө карай багыттай алган адистер – мезгилдин талабы. Телекоммуникация, компьютер жана интернет – кечээки заман. Азыр биотехнологиянын, нанотехнологиянын, гендик инженериянын жана жасалма интеллекттин заманы», — деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Количество просмотров: 15