• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Абылгазиев Ботаникалык бакчада өткөн ишембиликке катышты

15 Аяк оона 2018 19:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 15.09.2018. Govori.TV

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 15-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнүн алкагында Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакчада өткөн ишембиликке катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Абылгазиев ишембиликке өкмөттүк аппараттын кызматкерлери менен биргеликте Ботаникалык бакчаны тиричилик таштандысынан жана куураган чөптөрдөн тазалашты. Ишембиликтин жүрүшүндө өкмөт башчы белгилүү эколог, биология илимдеринин доктору Эмил Шүкүров жана эколидерлер Мария Колесникова, Жанна Зылаутдинова менен жолугушту.
Алар Өкмөт башчыга өздөрүнүн экологиялык ишмердүүлүктөрү, анын ичинде Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакчаны сактоо жана өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар тууралуу айтып беришти.

Абылгазиев өз сөзүндө ботаникалык бакчаларды шаардыктар жана шаар коноктору арасында кыйла жайылтуу үчүн таасирдүү механизмдерди биргелешип иштеп чыгуу зарыл экенин белгиледи.

«Учурда шаарларда адамдар бош убактыларын өткөрүп, ден соолуктарын чыңдоосу үчүн жашыл аймактарды түзүү иштери жүрүп жатат. Биз жарандык активисттердин жана ыктыярчылардын экологиялык ишмердигин толук колдойбуз», — деди Абылгазиев.

Количество просмотров: 22