• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Абылгазиев фитнес-клубту ачты (сүрөт)

14 Тогуздун айы 2019 10:33 Бишкек Govori.TV

Социалдык түйүндөргө өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин фитнес-клубдун ачылышына катышкан сүрөтү жарыяланды. Сүрөттө премьер-министр менен Жогорку Кеңештин айрым депутаттары дагы барганын көрүүгө болот.

Бул жаңылык тууралуу өкмөт башчынын расмий сайтында маалымат жазылган эмес, ал эми Пирамида каналы атайы сюжет тартышкан, бирок коомчулуктун талкуусунан соң ал көрсөтүү өчүп калган.

Ал эми буга байланыштуу интернет колдонуучулар «Башка ача турган маанилүү эч нерсе жок болсо, эмне кылсын?»,-деген сыяктуу бир катар пикирлерин жазышса, айрымдары тескерисинче бул иштен жаман нерсе көрбөгөнүн айтышууда.

Количество просмотров: 94