• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Абылгазиев Иманалиевден кечирим сурады 

5 Бугу 2020 14:07 Бишкек Govori.TV

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев маалымат катчысы Адилет Султаналиевдин айткандары үчүн өзү депутат Каныбек Иманалиевден кечирим сурады. Бул тууралуу депутаттын жардамчысы Нурдин Жолдошбаев фейсбук баракчасына жазды.

Анын айтымында, кечээ Өкмөт башчы өзү Иманалиевге байланышып, маалымат катчысы аны менен макулдашпай билдирүү жасаганын айткан. Бул үчүн Мухаммедкалый Абылгазиев өзүн ыңгайсыз сезип жатканын билдирип, кечирим сураган.

Депутат Каныбек Иманалиев түшүнүү менен кабыл алганын белгилеп, А.Султаналиевге эч жаман оюу жок экенин айтып, бирок, экономикалык маселелер боюнча сунуштарын тез арада жүзөгө ашыруусу бүгүнкү күндүн талабы экендигин, Парламент жана Өкмөт эң ириде бүт күчүн кризистен чыгууга жумшоосу керек экендигин билдирген.

https://www.facebook.com/100002734067731/posts/2597238417043935/
Количество просмотров: 263