• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Абылгазиев: Көмүскө экономиканын үлүшү 24төн 43%га жетти

14 Үчтүн айы 2020 10:25 Бишкек Govori.TV

Салык жол-жоболорун фискалдаштыруу боюнча жүргүзүлгөн реформа негизги максатты — жеке ишкерликти коргоо, көмүскө экономика менен күрөшүү жана ишкерликте таза атаандаштыкты түзүүнү аткарышы керек. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев салык жана бажы жол-жоболорун санариптештирүү боюнча координациялык кеңештин жыйынында билдирди.

«Айрым эксперттердин маалыматы боюнча, көмүскө экономиканын үлүшү 24төн 43%га чейин жетет. Эгерде салыктык төлөмдөрдү чебер башкарса, көптөгөн социалдык маселелерди чечсе болот. Фискалдаштыруу боюнча реформанын жыйынтыгы, баарынан биринчи, калктын социалдык жактан аярлуу катмарын колдоого багытталат. Бирок эң негизгиси – бул реформа адилеттүүлүктү орнотушу керек», — деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдө салык жол-жоболорунун системасы натыйжалуу иштерин белгиледи.

«Бул өлкөлөрдө салыктык башкаруу санариптик технологияларда түзүлгөн. Буга байланыштуу биз республикада фискалдаштыруу системасын киргизүүнү чечтик. 2019-жылы бир катар татаал милдеттер аткарылды. Бирок айрым жактар тарабынан түшүнбөстүктөрдөн улам кээде жүргүзүлүп жаткан реформаларды туура эмес түшүндүрүү жүрүүдө. Ушуга карабастан салыктык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу системасы толук кандуу киргизилиши керек. Бул биринчи кезекте, бизнес жүргүзүүдө ачык атаандаштыкты түзүп, көмүскө экономиканын тамырын кыркат», — деди ал.

Жыйында 9 маселе, анын ичинде фискалдаштыруу маселелерине байланыштуу КР Салык кодексинин долбоорун өркүндөтүү жана кабыл алуу, Салык кызматынын маселелерин иштеп чыгуу борборун курууга даярдык көрүү, май куюучу жайларда башкаруунун автоматташтырылган системасын жана электрондук эсеп-фактураларын киргизүү, кассалык чектер боюнча өбөлгөлөөчү акцияларды ишке берүү каралды.

«Фискалдаштыруу эмне экендиги коомго толук жете элек. Бардыгы реформа бизнес жүргүзүүдө көптөгөн татаал процедураларды жаратат деп ойлошот. Бизнес өкүлдөрү, андан соң коомчулук менен жолугушууларды көп өткөрүү керек. Андай эмес экендигине негиздүү ынандыруу зарыл. Фискалдаштыруунун алкагындагы бүт аракеттер бардык процедуралардын ачык-айкындуулугуна багытталган», — деди ал.

Абылгазиев кийинки жыйынга чейин долбоорлорду аягына чейин иштеп чыгып, аларды жакшыртуу сунуштарын киргизүүнү тапшырып, бизнести колдоо жана салык кызматына калктын ишеним деңгээлин арттыруу боюнча коюлган максаттарга жетүү үчүн жаңы долбоорлорду ишке киргизүү зарылдыгын белгилеп өттү.

Количество просмотров: 29