• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Мухаммедкалый Абылгазиев эки айга камалды

28 Үчтүн айы 2021 19:51 Бишкек Govori.TV

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев эки айга камалды. Мындай чечимди Биринчи Май райондун сот кабыл алды.

Абылгазиев УКМКнын тергөө абагында болот.

Мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев коррупцияга жана мыйзамсыз баюуга байланыштуу шектүү катары кармалды. Бул тууралуу 27-январда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Абылгазиев өкмөт башчы болуп турганда мыйзамдарды бузуп, «Кумтөр Голд Компани» ишканасына геологиялык чалгындоо жана алтын казуу иштерин жүргүзүүгө кошумча жер бөлүп берүүчү токтомго кол койгон. Натыйжада кендин жалпы аймагы эки эседен ашуун көбөйүп, мөңгүлөрдү жана корукту кошкондо 26,3 миң гектарды түзүп калган.

Атайын кызмат белгилегендей, бул токтом кабыл алынып жаткан кезде аталган кендин аймагын кеңейтүүгө тыюу салган токтом күчүндө болчу.

Мындан тышкары, УКМК Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйтүп, аларды мыйзамдаштырыш үчүн Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө кымбат баалуу мүлк сатып алган жана тандалма көп кабат үйлөрдү куруу тармагына каржы салган, кылмыш жообуна тартылбаш үчүн бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгон деп эсептейт.

Абылгазиев 26-январда кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды, тергөө жүрүп жатат.

Количество просмотров: 207