• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Абылгазиевдин бөгөт чарасы узартылды

29 Бугу 20218:51 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагында отурган мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев дагы эки ай абакта болот. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.

Мындай чечимди сот 21-майда чыгарып, анын бөгөт чарасын 26-июлга чейин узарткан.

УКМК Абылгазиев мамлекеттик кызматта турганда өзүнүн активдерин мыйзамсыз көбөйтүп, аларды мыйзамдаштыруу үчүн Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө кымбат баалуу мүлк сатып алган, тандалма көп кабат үйлөрдү куруу тармагына каржы салган, бул активдерди башка адамдарга жаздырып койгон деп да шек саналууда.

Мухаммедкалый Абылгазиев 2018-жылы 20-апрелде өкмөткө келип, 2020-жылдын июнь айында жыштык чырына байланыштуу кызматтан кеткен.

Количество просмотров: 201